Состоялся рабочий визит Торага ЖК КР Т.Мамытова в Исламскую Республику Иран для участия в официальной церемонии инаугурации Президента ИРИ Э.Раиси

2430

Иран тарабынын чакыруусу боюнча, 2021-жылдын 4-7 августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов башында турган Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раисинин расмий ишке киришүү аземине катышуу үчүн жумушчу иш-сапары менен Иран Ислам Республикасында болду.

Бул иш-сапардын алкагында, 2021 -жылдын 4 -августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Иран Ислам Республикасынын Ислам Консультативдик Кеңешинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушуусу болду.

Ошондой эле, 2021 -жылдын 6 - августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раиси менен жолугушту.

Бул жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев жана З.Эсенаманов жана Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Сыдыков катышышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө, тараптар, эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо менен туризм, инвестиция, медициналык туризм, инженердик -техникалык тейлөө ж.б. жааттарда кызматташуу маселелерине токтолушту.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилигине барып, Элчиликтин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Тегерандагы Элчилигинин кызматкерлери менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Элчиликтин кызматкерлеринин көңүлүн соода -экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Иран Ислам Республикасы менен туризм жаатында кызматташууга бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK