2019-жылдын 4-майында Тегеранда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф менен жана Ирандын жолду жана шаарларды өнүктүрүү министри Мохаммад Эслами менен өз алдынча жоолугушулары болуп өттү

3272

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар учурдагы саясий соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-иран кызматташтыгынын абалын, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу, аймактык коопсуздук маселелер, ошондой эле мындан ары байланышты өнүктүрүүнүн келечеги, Биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-иран  комиссиясынын (ӨАК) 12-жыйынын биргелешип даярдоого жана өзгөчө көңүл буруп өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап,  иран тарапка  энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, чакан жана орто бизнес тармагында  кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштап жана Ирандын ишкерлерин Кыргызстандагы  көргөзмөлөргө жана жарманкелерге жигердүү катышууга чакырды.

 Н.Ниязалиев, Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарын арттыраарын баса белгилеп, ошого байланыштуу  иран  тарапты Кыргызстандын жүк ташуучу  авто-унааларына жакшы транзиттик шартттарды  түзүү зарылчылыгын  белгиледи.

Тараптар, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу  соода-экономикалык байланышты жогорулатуу жана инвестиция  багытындагы кызматташууну  мындан ары дагы  күчөтөөрүн баса белгилеп, жакшыртуу керек экенин  белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK