3215

2019-жылдын 23-июнунда Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунда, Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинин  К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.
Меморандумга  кыргыз   тарабынан  Кыргыз Республикасынын  Элчиси  Авазбек  Ишенбаевич Абдуразаков  менен  Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык жана саясий изилдөөлөр институтунун  башкы-директору доктор  Сейед  Казем Саджадпур мырза кол койду. 
Тараптар  кол  коюлган  Меморандум  илимий кызматташтыктын багытында, эки өлкөнүн жаш дипломаттарын жана изилдөөчүлөрүн  окутуусу, ошондой эле биргелешкен  илимий семинарларды, жыйындарды, тегерек  столдорду  өткөрүүсүн камтыйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK