Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуусу болуп өттү

108

2024-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановдун Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары       А. Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маектешүүнүн соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы саясий диалогду мындан ары да бекемдөөгө жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK