Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери мырзаны кабыл алды

108

2024-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери мырзаны кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы саясат мекемесинин башчысы Ж.Кулубаев саясий диалогдун жакшы деңгээлин жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, анын ичинде өз ара соода жүгүртүүгө, инвестициялык байланыштарды жогорулатууга, транспорт-логистика тармагында, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Министр Ж.Кулубаев кыргыз-иран мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу максатында министрликтер аралык саясий кеңешмелердин жемиштүү өтүшүн каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK