12-сентябрда Кыргызстанга Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли расмий иш сапары менен келди.

3701

          Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли 12-сентябрда Кыргызстанга учуп келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын ички иштер министри  Кашкар Жунушалиев өзү тосуп алды.
        Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелери менен аны мындан ары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Андан сырткары эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу менен кеңейтүү зарылдыгы бар экендиги айтылды. Тараптар кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү чечимдин маанилүүлүгүн белгилешти.
        К.Жунушалиев өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөө керектигин айтты. Ошондой эле укук коргоо чөйрөсүндө натыйжалуу эл аралык кызматташууну түзүүдө терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү манилүү тапшырмалардан болорун билдирди.
        Кашкар Жунушалиев менен Абдолреза Рахмани Фазли өлкөлөр ортосунда коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташуу, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташууну, анын ичинен Бириккен улуттар уюмунун баңги каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенциясынын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
2019 – жылдын  аяк оона айынын 14 дө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды
       Өкмөт башчы Кыргызстан Иран менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыгы өнүгүүдө.
      Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Иран менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
      Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланды.
       Премьер-министр сөзүн жыйынтыктап жатып, кыргыз-иран алакасын кеңейтүү менен эки элдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык тереңдээрине ишенимин билдирди.
      Өз кезегинде Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.
      Министр Иран Кыргыз Республикасын жакын өнөктөш жана дос катары кабыл алаарын белгиледи.
      Анын айтымында, иран тарап Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар, ошондой эле башка тармактар боюнча да натыйжалуу өз ара кызматташтыкты кубаттайт.
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK