Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругу

5371

     Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын алуу жана андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү бардык контролдоо-өткөрүү пункттарында 2020-жылдын 19-мартынын 00 саат 00 мүнөтүнөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнө төмөнкүлөрдөн тышкары убактылуу чектөө киргизилсин:  

- Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлеринен, ошондой эле аталган кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн, алардын келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алдын ала маалымдалганда;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрүнөн;

- эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулардан, аба кемелеринин экипаждарынан жана учуучу курамынан, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадаларынан;

- чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймагындагы темир жолдо паспорттор (ID-карта) боюнча күндөлүк ишти камсыздашкан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринен; 

- чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан (жакын туугандык байланыштарын – күйөөсү (жубайы), алардын ата-энелери, балдары, чоң ата, чоң энелери экендигин документ менен ырастаган шартта) же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан.

2.    Чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун 1-пунктунда аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин. 

3.     Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

-   Кыргыз Республикасына келүүнү пландаган чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга бардык категориядагы кирүү визаларын тариздөөнү убактылуу токтотсун;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунда каралган, убактылуу көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга ыкчам тартипте кабарласын.  

4.    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунан келип чыгуучу тиешелүү кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.  

5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругун ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон тиешелүү авиакомпанияларга ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, көрүлгөн чаралар жөнүндө кабарласын.  

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 61-б буйругунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

 7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн. 

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK