Ирандын Президенти Хасан Рухани Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

4479

      Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
    "Аль-Фитр» майрамы" — бул Кудай алдында сынактан ийгиликтүү өтүүнүн, Жаратканына жакындоого бардык күч-аракетин жумшап жана Сират аль-Мустакимди унутпаган Кудайдын кулдарынын чыныгы жеңишинин жана кубанычынын майрамы.
      Бул улуу майрамдын ыйыктыгы, ошондой эле окумуштуулардын жана кесипкөйлөрдүн күч-аракети менен биз бүгүнкү күндө адамзаты кабылган коронавирустун кесепетинен тузүлгөн кырдаалды жана бардык кыйынчылыктарды ашып өтүп, ислам өлкөлөрүндөгү элдерибиздин жана дүйнө элинин ден-соолугун, коопсуздугун, бейпилдигин жана туруктуулугун калыбына келтирүү үчүн шарттарды камсыздай алабыз деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK