Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин ПРЕСС-РЕЛИЗИ

3307

       2020-жылдын 23-ноябрында Тегеран шаарында "Каршылык көрсөтүү" аталыштагы 16 - Эл аралык Тегеран кинофестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
  Кыргыз кинорежиссеру Тынчтык Абылкасымов тарабынан "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган "Чек арада" аттуу кыска метраждуу тасмасы "Мыкты сценарий" сыйлыгын алды. Тасманын сценарийин тажик кинорежиссеру Искандар Усманов жазган.
   Кыргыз Республикасынын атынан Тегеран шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги, кинофестивалдын сыйлык тапшыруу аземине катышты. Салтанатка  Иран Ислам Республикасынын кинематография жана кино индустриясынын алдыңкы өкүлдөрү, ошондой эле Тегеранда аккредиттелген эл аралык дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.
 
  • Кыргыз Республикасынын  Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин  ПРЕСС-РЕЛИЗИ

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK