Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту
![](/uploads/content/26192/3331702a-9253-3c3f-9545-f52956f61e98.jpg)
2023-жылдын 1-ноябрында Ашхабад шаарында «Борбордук Азия - Корея Республикасы» 16-Форумга катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.