2021-жылдын 11-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өтөт.

3794

2021-жылдын 11-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өтөт.

Рим шаарындагы туруктуу жайгашкан Италиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында Референдумга катышуу менен жарандык милдетиңизди аткара аласыз.

Референдумда добуш берүүгө катышуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин шайлоочулар тизмесине 2021-жылдын 27-мартына чейин киргизишиңиз керек (УШК № 9033). Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, чет өлкөдө жашаган же убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоочулар тизмесине киргизүү үчүн милдеттүү талаптар: 1) консулдук каттоого туруу 2) биометрикалык маалымат тапшыруу.

Италияда жашаган же убактылуу турган жана 2021-жылдын 11-апрелинде №9033 Италиядагы шайлоо участкасында Референдумга катышууну каалаган жарандар - шайлоочулардын алдын ала тизмесин бул жерден тешерүүсү зарыл: https://tizme.gov.kg

Эгерде кимдир бирөө өзүн алдын-ала тизмеден таппаган, бирок ошол эле учурда 2021-жылдын 11-апрелинде №9033 Италиядагы шайлоо участкасында добуш берүүнү кааласа - мүмкүн болушунча эртерээк, 2021-жылдын 27-мартынан кечиктирбей, Элчиликке келип (алдын ала) же болбосо дистанциялык жол менен консулдук каттоого туруу (туруктуу же убактылуу) жөнүндө арыз менен Элчиликке кайрылыныз.

Эгерде сиз биометрикалык маалыматын тапшыра элек болсоңуз, анда бул процедураны жеке Элчилике келип тапшырышыныз керек.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жаран алдыдагы Референдумда добуш бере албай тургандыгын баса белгилейбиз.

Добуш берүүгө катышуу үчүн сөзсүз түрдө 2021-жылдын 11-апрелинде Элчиликке келүү керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык онлайн режиминде, дистанциялык же ишеним кат аркылуу добуш берүү мүмкүн эмес.

Бардык суроолор боюнча Элчиликке кайрылыңыз:

1. Электрондук почта: kgembassy.it@mfa.gov.kg ШАЙЛОО 2021 деген белгиси менен.

2. Тел. +39 06 3397 4666

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK