Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Кыргызстандын жарандарынын Италиядагы компакттуу жашаган жерлерине барууларды жүргүздү.

3816

2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз Республикасынын Президентинин кезексиз шайлоо процессине катышуу үчүн, ошондой эле Италияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Кыргызстандын жарандарынын Италиядагы компакттуу жашаган жерлерине барууларды жүргүздү.

 

Тактап айтканда, 2020-жылдын 12-13-декабрында Болоньядагы жарандарга консулдук маселелер боюнча кызмат көрсөтүү, консулдук каттоодон өтүү үчүн документтерди кабыл алуужана биометриканы чогултуу боюнча иш сапар жасалды. Болоньяга болгон иш сапарында, Италияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого добуш берүүгө катышуу  мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

2020-жылдын 17-18-декабрында Элчиликтин консулу Италиянын түштүк региону - Кампаньяга барып, Неаполь жана Касерта шаарларында жашаган  Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргыз Республикасынын 50дөн ашык жаранына ар кандай консулдук кызматтарды көрсөтүп, ошондой эле жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоодо добуш берүү жана катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө керектүү маалыматтарды берди.

 

2020-жылдын 19-20-декабрь аралыгында Сардиния аралындагы Кальяри шаарына Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу жана  консулдук кызматтарды көрсөтүү - консулдук каттоодон өткөрүү жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иш сапар жасалды. Кальяри шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө документтердин ар кандай маселелери боюнча 70тей адамга кызмат көрсөтүлүп, консультация берилип, кийинчерээк биометрикалык маалыматтарды тапшыруу менен консулдук каттоого туруу үчүн көп сандаган арыздар  кабыл алынды.

 

Элчилик, учурдан пайдаланып, Неаполь, Кальяри, Болонья, Милан, Модена жана Венеция шаарларында жашаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына консулдун сапарлары учурунда активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин аталган шаарларга ишсапарды уюштуруу маселелери боюнча жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Неапол шаарындагы эң активдүү жарандарына Замира Белекова, Кальяридеги Элмира Ногоеважана Болоньядагы Назгүл Төлөбаевага Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин атынан ыраазычылык билдирет.

  • Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Кыргызстандын жарандарынын Италиядагы компакттуу жашаган жерлерине барууларды жүргүздү
  • Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Кыргызстандын жарандарынын Италиядагы компакттуу жашаган жерлерине барууларды жүргүздү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK