Урматтуу Италияда жана өзгөчө Кампания аймагында жашаган Кыргызстандын жарандары!

1312

Урматтуу Италияда жана өзгөчө Кампания аймагында жашаган Кыргызстандын жарандары!
2021-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Кампания аймагындагы Ардактуу консулу Джузеппе Де Стефано мырза дайындалды, анын туруктуу резиденциясы Неаполь шаарында болот.
Элчилик Де Стефано мырзанын ардактуу консул катары ишмердүүлүгү бекер жана эч кандай каржылык сыйлыксыз жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилөө зарыл деп эсептейт.
Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасынын Неаполь шаарындагы Ардактуу консулдугунда италиялык мыйзамдардын нормаларын жана эрежелерин түшүндүрүү түрүндө, ошондой эле Италиянын мамлекеттик органдарына тиешелүү кайрылууларды жана петицияларды даярдоодо консультациялык жардам ала алышат. .
Ардактуу консул Ж.Де Стефано Кыргызстандын жарандарын жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү саат 16.00дөн 19.00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча кабыл алат.
Ардактуу консул Ж.Де Стефанонун байланыш маалыматтары:
Consolato Onorario della Repubblica del Kirghizistan di Napoli per la Circoscrizione della Regione Campania
Console Onorario Avvocato Жузеппе де Стефано
Via Tommaso Caravita n. 25
тел: 3398253572
электрондук почта: consolekirghiznapoli@libero.it

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK