2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Италиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Эрмек Исаков менен Римдеги университеттерде билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

1213

Жолугушууда студенттерге Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берилип, келечекте маданий иш-чараларды өткөрүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды. Кыргызстандык студенттердин Италияда болушу жана жашоосу, уруксат алуу, италиялык университетте билим алуу формасы жана башка көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Студенттерге 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин алдындагы №9033 шайлоо участогунун иши тууралуу маалымат берилди. Кыргызстандын жаш муундарынын өлкөнүн маанилүү саясий окуяларына катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK