Урматтуу Сардиния аралынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!

1078

Урматтуу Сардиния аралынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №4 “Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди кеңейтүү максатында Элчилик тарабынан Италиянын аймагында жашаган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги Италиянын Кальяри шаарына барат.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн консулдук кызматтар 2021-жылдын 15 жана 16-майындагы дем алыш күндөрү (саат 9.00дөн 19.00гө чейин) Кальяри, Via Dei mille N10 дареги боюнча жүргүзүлөт.
Кабыл алууда жарандарга паспорт берүү, консулдук каттоого туруу, социалдык-укуктук маалымкаттарды берүү, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
Жарандардан жогоруда көрсөтүлгөн процедураларды өткөрүү үчүн бардык керектүү документтердин болушун суранабыз.
Буга байланыштуу консулдук кабылдамага катышуу тууралуу алдын ала электрондук почта аркылуу билдириңиз. почта: kgembassy.it@mfa.gov.kg же элчиликтин консулу Султан Бараканов менен +39 3664937577 (WhatsApp) телефону аркылуу байланышыңыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK