2021-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Италиянын Президенти Серджо Маттарелланы улуттук майрамы – Италия Республикасынын күнү менен куттуктады.

1062

«Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын көп кырдуу кызматташуусу үчүн чоң потенциалы бар. Биздин тыгыз байланыштар мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында бекемделе берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
С.Жапаров С.Маттареллага чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми италиялык элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK