2022-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Элчиси Т.Базарбаев менен Италия Сенатынын Төрагасы Мария Элизабетта Альберти-Казеллати менен жолугушуусу өттү

1187

2022-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Элчиси Т.Базарбаев менен Италия Сенатынын Төрагасы Мария Элизабетта Альберти-Казеллати менен жолугушуусу өткөнүн маалымдайбыз.

Маалымат үчүн: Италия парламенти эки палаталуу мыйзам чыгаруу органы болуп саналат, анын курамына 945 шайланган парламентарийлер кирет. Парламенттин түзүмү депутаттар палатасынан (630 депутат) жана Сенаттан турат – 315 сенаторду камтыйт. Формалдуу түрдө эки палата даражасы боюнча бирдей. Сенаттын компетенциясына согуш абалын жарыялоо жана Өкмөткө зарыл ыйгарым укуктарды берүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо кирет. М.Казеллати 2018-жылдын 24-мартынан бери Сенаттын спикери болуп, Италиянын тарыхында бул кызматты (өлкөдөгү экинчи маанилүү) ээлеген биринчи аял, ошондой эле Италиянын тарыхында эң жогорку мамлекеттик кызматка жеткен аял болду.

Жолугушууда Элчи Т.Базарбаев маектештерге Кыргызстандагы маанилүү саясий трансформациялар тууралуу кеңири маалымат берип, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга жана башкаруунун жаңы формасын киргизилгенине көңүл бурду. Элчи ошондой эле депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, эл аралык байкоочулардын, анын ичинде Европа Кеңешинин жана ЕККУнун миссияларынын курамында Италия парламентинин депутаттарынын тарабынан берилген оң баасын белгиледи.

Тараптар 2020-жылы Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги ачылгандан кийин кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен тараптар эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда визиттерди алмашуу ниетин ырасташты. Тактап айтканда, Кыргызстан менен Италиянын парламенттеринин тийиштүү комитеттеринин ортосундагы жолугушуулар жана алмашуу сапарлары аркылуу кызматташууну активдештирүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Элчи Т.Базарбаев жогорку жана бийик деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK