Бүгүн, 12-майда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков менен Италиянын Парламентинин Депутаттар палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Пьеро Фассино видеоконференция байланышы аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

1270

Бүгүн, 12-майда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков менен Италиянын Парламентинин Депутаттар палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Пьеро Фассино видеоконференция байланышы аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды мындан ары чыңдоону талкууланды. Парламенттер аралык алакаларды активдештирүү, комитеттердин, достук топторунун ортосунда туруктуу байланышты түзүү, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган сапарларды уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ч.Айдарбеков белгилегендей, 30 жыл аралыгында мамлекеттер ортосунда өз ара ишенимге, урматтоого жана бири-бирин колдоого негизделген кыргыз-италиялык кызматташтыгынын бекем пайдубалы түптөлгөн. «Италия маанилүү өнөктөш жана биз бардык багыттар боюнча мамилелерибизди өнүктүрүүгө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани беребиз», - деди комитеттин төрагасы.

Мындан тышкары, Ч.Айдарбеков кыргыз-италиялык өнөктөштүктүн оң жакка жылыштарын белгилеп, анын ичинде 2020-жылдын август айында Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин ачылышы тууралу сөз кылды.

«Кыргыз Республикасындагы мыйзам чыгаруу бийлиги демократиялык баалуулуктарга, мыйзамдуулукка жана адилеттүүлүккө негизделген мамлекеттик түзүлүштүн туруктуулугун жана тең салмактуулугун камсыз кылуунун ачкычы болуп саналат. Биз эркин коомдун пайдубалын чыңдоо жана прогрессивдүү өнүгүү жолу менен бара жатабыз», - деп баса белгиледи депутат Ч.Айдарбеков.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине токтолуп, депутаттар биргелешкен ишканаларды түзүү жана Кыргыз Республикасынын рыногуна италиялык инвесторлорду тартуу зарылдыгын белгилешти.

Ошону менен бирге, Италиянын Депутаттар Палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Пьеро Фассино кыргыз-италиялык кызматташуунун жогорку деңгээлин баса белгилеп, бардык багыттар боюнча конструктивдүү эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз тараптын сунуштарын, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырууга багытталган демилгелерин колдоду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK