Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги тарабынан эл аралык аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 1-июнунда Элчи Т.Базарбаев Неаполь шаарынын мэри Г.Манфреди менен жолугушту
Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги тарабынан эл аралык аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2022-жылдын 1-июнунда Элчи Т.Базарбаев Неаполь шаарынын мэри Г.Манфреди менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандын аймактарынын Неаполь шаары менен эки тараптуу кызматташуусун түзүү жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын айыл чарба, текстиль, гидроэнергетика жана туризм тармактарынын потенциалы тууралуу маалымат берилген. Т.Базарбаев Г.Манфредини тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууда эки мамлекеттин ишкерлерине биргелешип колдоо көрсөтүүгө чакырды.