2022-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Элчиликтин көмөгү менен “ТҮНДҮКТҮН КӨЗҮ” аттуу Кыргызстандын 7 облусун символдоштурган биринчи улуттук көркөм NFT коллекциясынын бет ачары болуп өттү

1070

2022-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Элчиликтин көмөгү менен “ТҮНДҮКТҮН КӨЗҮ” аттуу Кыргызстандын 7 облусун символдоштурган биринчи улуттук көркөм NFT коллекциясынын бет ачары болуп өттү. Бет ачардын башында Элчи Т.Базарбаев кыргыз-италиялык дипломатиялык мамилелердин түзүлгөн юбилейлик жылы менен куттуктап, ИЛГЕРИ фондунун жетекчиси Э.Абдыкалыковду тааныштырды, ал 2022-жылдын 18-июнунда Венеция шаарында Кыргызстан биринчи жолу Венециядагы 59-Эл аралык La Biennale di Venezia - 2022 көркөм көргөзмөсүндө көрсөтүлгөнүн маалымдады. Элчиликтин имаратында өткөн презентацияда Э.Абдыкалыков кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө, чет элдик конокторго жана Элчиликтин досторуна фонддун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди, андан кийин Кыргызстандын маданий мурастары жөнундөгү «Шырдак» жана «Мурас» аттуу эки даректүү тасма көрсөтүлдү. Элчиликте  Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте «ИЛГЕРИ» фонду тарабынан түзүлгөн, Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин элүү эмгегинен турган виртуалдык көргөзмө уюштурулду. NFT коллекциясы төмөнкү шилтеме боюнча бардыгына жеткиликтүү:    https://opensea.io/collection/eye-of-the-tunduk

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK