Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев Италиянын футбол федерациясынын президенти Г.Гравина жана федерациянын эл аралык байланыштар боюнча кеңсесинин жетекчиси Д.Филаккионе менен жолугушту

1469

2022-жылдын 6-июлунда Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаевдин Италиянын футбол федерациясынын президенти Г.Гравина жана федерациянын эл аралык байланыштар боюнча кеңсесинин жетекчиси Д.Филаккионе менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Элчи Т.Базарбаев Кыргызстандын футбол союзунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, дүйнөлүк футболдун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Италиянын футбол федерациясы менен кызматташуу боюнча өзүнүн көз карашын билдирди.

Элчи Т.Базарбаев Италиянын футбол федерациясынын жана Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилеринин иш сапарларын уюштуруу аркылуу эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн белгилеп, Г.Гравинге Кыргыз футбол союзу менен Кыргызстандын футбол союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө анын ичинде Италиянын Футбол федерациясы, машыктыруучулардын, калыстардын, жаштар футболунун өкүлдөрүнүн, медициналык кызматкерлердин ортосунда тажрыйба алмашууну жана квалификацияны жогорулатууну камтыган меморандумдун долбоорун кароого тапшырды.

Ал сунушталган Меморандумдун долбоору жакынкы аралыкта каралаарын жана ага кол коюу Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилигинин Италияга болгон иш сапарынын алкагында Италиянын футбол федерациясынын Римдеги башкы кеңсесинде болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK