2022-жылдын 23-ноябрында Элчи Таалай Базарбаев Ломбардия аймагындагы Брешиа шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Роберто Сакконе менен жолугушуусу өттү.

615

2022-жылдын 23-ноябрында Элчи Таалай Базарбаев Ломбардия аймагындагы Брешиа шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Роберто Сакконе менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда эки мамлекеттин ишкерлерине өз ара пайдалуу байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Элчи Т.Базарбаев Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы, бизнес жүргүзүү шарттары, ошондой эле чет элдик инвесторлорго берилген жеңилдиктер менен тааныштырды. Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялык паспорттор италиялык тараптын кароосуна берилди.

Р.Сакконе Кыргызстан менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда чек ара байланышын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө жана долбоорлорду практикалык ишке ашыруу үчүн Брешиядан Кыргызстанга бизнес-делегациянын иш сапарын уюштуруу маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK