2024-жылдын 31-январында Италия Парламентинин имаратында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаевдин Италия Республикасынын Сенатынын депутаты, Өнөр жай, соода, туризм, айыл чарба жана айыл чарба азык-түлүк өндүрүшү боюнча комитетинин төрагасы, ошондой эле мафияга каршы парламенттик комиссиянын мүчөсү Франческо Сильвестро менен жолугушуусу болуп өттү.

101

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Эки тараптуу саясий жана парламенттер аралык кызматташуу жаатында 2024-жылы боло турган иш-чаралар талкууланды. Тактап айтканда, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн олуттуу ролун эске алуу менен парламенттин депутаттарынын жолугушууларын жана биргелешкен иш-чараларын өткөрүүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторун түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Ф.Сильвестро парламенттер аралык деңгээлде ишенимдүү мамилелерди курууга жеке көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди жана ошондой эле Италиянын парламентинде Кыргызстан менен өзүнчө достук тобун түзүүнү демилгелеп жатканын, бул эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы бекем кызматташтыкты орнотуунун маанилүү элементи болоорун белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK