Кыргызстан менен Италиянын социалдык жана эмгек чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

112

 

2024-жылдын 15-февралында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Ыйгарым укуктуу министри, Эмгек жана социалдык саясат министринин дипломатиялык кеңешчиси Микеле Чекки менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Элчи Т.Базарбаев маектеши менен Италияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын социалдык жактан камсыздоо маселелерин талкуулады. Тараптар эки мамлекеттин компетенттүү органдарына социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүү үчүн активдүү көмөк көрсөтүүнү макулдашты.

Ошону менен бирге Кыргызстан менен Италиянын миграция чөйрөсүндөгү кызматташуусу, анын ичинде Италиянын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Ыйгарым укуктуу министри М.Чекки миграция чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын активдүү өнүгүшүнө канааттангандыгын, ошондой эле Кыргызстандан Италияга эмгек миграциясы жаатында натыйжалуу саясатты ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK