Жарандык маселелери

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздарды кабыл алат.

Толугураак маалымат алуу үчүн, төмөнкү катташуу маалыматтары аркылуу Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Тел.: + 974 4441 1519

Email: kgembassyqa@gmail.com

Жалпы жарандык паспортторду тариздөө:

Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде Катар ID-картасы жана консулдук каттоосу болсо, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин Консулдук бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун тариздеп алса болот. Консулдук каттоосу жок жарандар, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу арыз жазуу менен бирге Консулдук каттоого турууга арыз жазышса болот.

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Катар Мамлекетине туристтик же конок визасы менен кирген жарандарга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун тариздеп берүүгө укугу жок.

Толугураак маалымат алуу үчүн, төмөнкү катташуу маалыматтары аркылуу Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Тел.: + 974 4441 1519

Email: kgembassyqa@gmail.com

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөрдү тариздөө:

Кыргыз Республикасынын жарандары паспортторун жоготуп жиберген учурларда, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигине убактылуу өтүү документин (Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк) берүү өтүнүчү менен кайрыла алышат.

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү Кыргызстанга кайтып келүү үчүн жана керектүү мөөнөткө (бирок 30 күндөн ашык эмес) гана берилет. Кыргыз Республикасына келгенден кийин жаңы паспорт алуу жана Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн тапшыруу үчүн, арыз ээси бир айлык мөөнөттүн ичинде тиешелүү органдарга кайрылышы керек.

Толугураак маалымат алуу үчүн, төмөнкү катташуу маалыматтары аркылуу Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Тел.: + 974 4441 1519

Email: kgembassyqa@gmail.com