Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекети дипломатиялык мамилелерин 1998-жылдын 3-мартында түзүшкөн. Протоколдун текстин көрүш үчүн ссылканы басыңыз

2012-жылдын 2-октябрында Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Элчилиги ачылган. 2014-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Элчилигин Катар Мамлекетинде түзүү” Жарлыгына кол койгон. Баардык чарбалык-уюштуруу жана протоколдук маселелер чечилгенден кийин 2016-жылы июнь айында Кыргыз Республикасынын Доха шаарындагы Элчилигинин имараты ачылган.

Дипломатиялык мамилелер түзүлгѳн мезгилден тартып, эки мамлекет саясий кызматташууну ѳнүктүрүү максатында ар кандай деңгээлдеги делегациялар менен алмашып, эл аралык уюмдардын алкагында расмий ѳкүлдѳрдүн жолугушууларын уюшутуруп келген. 2012-жылдан тартып кызматташуу жаңы баскычка кѳтѳрүлгѳн, буга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (2012-жыл) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин (2014 жана 2015-жылдары) Доха шаарына болгон расмий жана иш сапарлары чоң түрткү берди.

Кыргыз-катарлык мамилелеринин тарыхында 2016-2017 жылдар абдан жигээрдүү, кызматташуунун жемиштүү жана маанилүү мезгили болду, анткени Кыргыз Республикасынын Элчисинин аккредитациясы жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин ачылышы менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилени толук кандуу өнүктүрүүгө зарыл болгон саясий-дипломатиялык пайдубал негизделди.

Эки өлкөнүн министрликтери жана мекемелери ортосундагы кызматташуу өнүгүп, 2017-2018-жылдары Катар Мамлекетине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаментинин директорунун, Ички иштер министринин, Жогорку Кеңештин депутаты, Катар Мамлекети менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун Жетекчисинин, Саламаттыкты сактоо министринин, Экономика министринин, Вице-премьер министринин, Билим берүү жана илим министринин, Транспорт жана жолдор министринин жана Өзгөчө кырдаалдар министринин ишсапарлары уюштурулду. 2018-жылдын 28-февралында Бишкекте ѳткѳрүлгѳн Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрликтери аралык биринчи саясий консультациясы олуттуу иш болуп, анын жыйынтыгында кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

Ошол эле учурда, Бишкекке Катар Мамлекетинин Маданият жана спорт министринин, Коргоо министрлигинин, Премьер-министринин соода экономика маселелери боюнча офисинин, Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана жогорку билим министрлигинин, Административдик өнүгүү, эмгек жана социалдык маселелер министрлигинин, Катар улуттук Кызыл жарым ай коомунун Башкы директорунун жана Катар авиациялык колледжинин Башкы директорунун ишсапарлары болуп, Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрү өткөрүлдү.