Жарандык маселелер

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫГЫНА ТААНДЫК ЭКЕНДИГИН АНЫКТОО

Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашаган, өзүнүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоону каалаган адам Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга тийиш.

Арыз ээси төмөндөгү документтерди көрсөтүп жана арызга төмөнкүлөрдү тиркөөгө зарыл:

  1. арыз ээсинин паспортунун түп нускасын + 2 көчүрмө;
  2. паспорту жок болсо, арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтин түп нускасын + 2 көчүрмө;
  3. туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын + 2 көчүрмө;
  4. эгерде арыз ээси мурда никеде болсо же никеде болсо - нике / ажырашуу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы + 2 көчүрмө;
  5. эгерде арыз ээси жеке маалыматтарын өзгөрткөн болсо - аты-жөнүн, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын + 2 көчүрмө;
  6. кеңири өмүр баянын эки нускада;
  7. 4x6 см өлчөмүндө ак фондо эки фотосүрөттү;
  8. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктагандыгы үчүн консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
  9. Анкета төмөнкү шилтемеде: анкета.
  10. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги жөнүндө корутунду берүү зарыл болгон учурда консул арыз ээсинин башка документтерин талап кылууга укуктуу.

Консулдук жыйым 50 АКШ долларын ($) түзөт. Төлөм Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Элчиликтин терминалында сом менен жүргүзүлөт.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫГЫНАН ЧЫГУУ

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу мүмкүн болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну тариздөө үчүн документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 3 нускада арыз-анкеталар;

(МААНИЛҮҮ: кайтарылып берилбеши үчүн, анкетаны баш тамгалар менен, түшүнүктүү, оңдоолорсуз жана сызыктарсыз толтуруу керек).

  1. паспорттордун түп нускалары +3 копия (КРнын+РКнын);
  2. туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы +3 копия;
  3. никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы / никени бузуунун түп нускасы / жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы / тийиштүү учурларда жубайын өлдү же дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин түп нускасы + 3 копия;
  4. салык төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын аймагында арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жери боюнча) Кыргыз Республикасынын салык органынан документтинин түп нускасы + 3 копия;
  5. консулдук жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө ырастаманы (Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын учурдагы алмаштыруу курсу боюнча 510 АКШ доллары);
  6. 4x6 см өлчөмүндө ак фондо түстүү үч фотосүрөттү.

Эгерде арыз берүүчү бир эле учурда жашы жете элек балдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө өтүнүч кылса, анда мыйзамда каралган жагдайларга жараша төмөнкүлөр берилет:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы, камкордукту же көзөмөлдүктү белгилөө / ата-энелик укугунан ажыратуу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы + 3 копия;
  • эгерде ата-энесинин бири же көзөмөлдүк кылуучу Кыргыз Республикасынын жарандыгында калса, баланын жарандыгын токтотууга же сактап калууга тараптардын нотариалдык түрдө же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде ырасталган жазуу жүзүндөгү макулдугу;
  • 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы баланын жарандыгын өзгөртүүгө нотариалдык түрдө же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде жазуу жүзүндөгү ырасталган макулдугу.

Консулдук жыйым 510 АКШ долларын түзөт. Төлөм Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын төлөм күнүнө карата курсу боюнча тенге менен жүргүзүлөт. Төлөмдү Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн имаратында банк терминалынан банктык картаменен төлөөгө мүмкүн.

Анкета төмөнкү шилтемеде: Анкета.