Чханнён шаарында консулдук кызмат көрсөтүү жөнүндө
Урматтуу жарандар!
2024-жылдын 22-июнунда Кёнсан-Намдо провинциясынын Чханнён шаарында жарандарга консулдук кызматтар көрсөтүлөт.
Бул консулдук иш-чара жарандарга паспортту жаңыртуу, маалымкаттарды алуу, нотариалдык иш-аракеттер, кайтып келүү күбөлүгүн тариздөө жана башка консулдук кызматтарды алуу үчүн мүмкүнчүлүгүн берет.
Консулдук кабылдамага катышуу тууралуу алдын ала +82-10-9780-0952 WhatsApp аркылуу бизге кабарлаңыз.
Жайгашкан жерди жана убакытты атайын түзүлгөн WhatsApp (https://chat.whatsapp.com/JfTu1H4rvObFPNmIgq8AUk) тайпасынан тапса болот.