Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Конгук Университетинин Фондунун Төрайымы менен жолугушту

1983

2022-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Конгук Университетинин Фондунун Төрайымы Ю Джа Ын менен жолугушту. Жолугушууда А.Исмаилова Кыргыз Республикасынын Корея Республикасы менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Элчи А.Исмаилова Корея Республикасы медицина тармагындагы алдыңкы технологиялары, ошондой эле жогорку адистеги кызматкерлери, докторлору жана профессорлору менен атактуу экенин, бул жаатта тажрыйба алмашуу жана түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Корея Республикасынын компетенттүү органдарынын активдүү өз ара кызматташуусун сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Конгук университетинде Кыргыз Республикасынын студенттерди окутуу мүмкүнчүлүктөрү ошондой эле Кыргыз Республикасында биргелешкен билим берүү долбоорлорун ачуу, атап айтканда, Кыргызстанда Конгук университетинин филиалын, медициналык ооруканасын жана медициналык окуу жайын ачуу тууралу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар ооруканаларды куруу жана медициналык кадрларды даярдоо боюнча кызматташуунун актуалдуулугун белгилешти. Өз кезегинде элчи Кыргызстандын абитуриенттери/аспиранттары/докторлору үчүн Түштүк Кореянын тажрыйбасын өздөштүрүүсүнө шарт түзүүчү квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.

Кыргызстандын тиешелүү министрлиги менен Конгук университетинин ортосундагы Макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн, адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча кореялык тажрыйбанын мисалында окуусун аяктаган жаш адистерди Кыргызстанга кайрылып келиши маселелери сунушталды.

Сүйлөшүүнүн соңунда элчи А.Исмаилова Ю Джа Ын айымды куттуктап, быйыл университет түзүлгөндүгүнөн 91 жылдыгын белгилеп жатат жана университеттин өнүгүүсүн жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну каалады.

Маалымат үчүн: Конгук университети 1946-жылы түзүлгөн. Учурда Конгук университетинде 30 000ге жакын студент билим алууда. Конгук университетинин билим деңгээли Түштүк Кореядан тышкары QS University Rankings рейтингинде Конгук университети Азиядагы университеттердин арасында 101-орунда (2021) таанылган. Мындан тышкары, Конгук университети айыл чарба жана токой чарбасы тармагында билим берүү боюнча лидерлердин бири, ошондой эле химиялык инженерия. Анын чет өлкөлүк өнөктөштөрүнүн арасында дүйнө жүзү боюнча 630 университет бар, азыркыга чейин 2500гө жакын чет элдик студенттер Конгук университетин тандап алышкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK