Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Кореянын Жабыш Каптамалар Ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ён башында турган Корея делегациясы менен жолугушуп, Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

5202

2021-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабыш Каптамалар Ассоциациясынын Төрагасы Ли Инь Ёнг мырза жана «Vision K» компаниясынын Президенти Джо Джонг Вон мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандын өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу, эл аралык экономикалык форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореядагы компаниялардын ортосунда соода байланыштарын түзүү боюнча пикир алмашышты.

Ассоциациянын Төрагасы 200 туруктуу мүчөсү жана Интернетте 70 миң мүчөсү бар экендигин айтты. Ал кошумчалагандай, Ассоциация Кыргызстандын рыногун изилдөөгө ниеттенип, ошондай эле Кыргыз Республикасынын химиялык өндүрүш менен алектенген компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK