Корея Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган студенттердин назарына

4921

Сеул Улуттук Университети 2021-жылдын жаз айлары үчүн докторантура программасы үчүн Президенттик стипендияны баштайт.
Стипендиялык программаларга 6 семестрдик окуу, айына 1,500,000-2,000,000 вон стипендия, эконом класстагы авиабилет, корей тили курстары жана медициналык камсыздандыруу кирет. Жатакана студенттер тарабынан төлөнөт (Университеттин өкүлдөрүнүн айтымында - айына 300-400,000 вон).
Талапкерлер каалаган адистигин тандай алышат, бирок артыкчылык медицина, инженерия, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, корей тилин изилдөө ж.б.
Стипендия алуу үчүн онлайн арыздардын ачылышы 2-мартта башталып, ушул жылдын 11-мартында саат 17: 00гө чейин кабыл алынат. төмөнкү дарек боюнча
https://en.snu.ac.kr/admission/gradutate/application.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK