Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын “Taechang N.E.T Co LTD” компаниясынын президенти Джи Ин Хо менен жолугушту

5337

2021-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын “Taechang N.E.T Co LTD” компаниясынын президенти Джи Ин Хо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жаатында кызматташуу жана Кыргызстанда калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө инвестицияларды, гранттык жана техникалык жардам тартуу маселелери талкууланды, атап айтканда, кичи ГЭСтер жана шамал энергиясы боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери сүйлөшүлдү.

Элчи Д.Кемелова жакынкы келечекте Кыргыз Республикасында гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK