Түштүк Кореянын Ансан шаарында Кыргызстандын презентациясы өттү
2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Ансан шаарынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүү форумуна катышуусунун алкагында Кыргызстан, инвестицияларды тартууга региондордун мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасында болуп жаткан маданий иш-чаралар жөнүндө презентация жасады.
Элчи өз презентациясында дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, билим берүү фестивалы, Нооруз, Tengri Muzic Fest, өрүк жана карагат фестивалы, улуттук жана спорттук мелдештер сыяктуу эң масштабдуу коомдук иш-чараларды белгиледи.
Презентациянын алкагында катышуучуларга түштүк кореялык туристтерди тартуу максатында 2021-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чаралардын календары таркатылды.
Ансан шаарынын мэри Юн Хва Суб менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын элчиси Токмок шаары менен Ансан шаарынын ортосунда мамилелерди түзүү, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана аймактарды жана шаарларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерине токтолду.