2021-жыл 6-майда Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Лыжа жана Сноуборд Ассоциациясынын Президенти Квак Сың Ёнг баштаган делегеция менен жолугушту.

4921

2021-жыл 6-майда Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Лыжа
жана Сноуборд Ассоциациясынын Президенти Квак Сың Ёнг баштаган
делегеция менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап лыжа жана сноуборд тебүү
максатында Кыргызстанга келчү туристтердин жана спортчулардын санын
көбөйтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу
мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Элчи Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын лыжа спорту боюнча
федерациясы менен кызматташууну активдештирүүнү жана Кыргыз
Республикасынын аймагында эл аралык турнирлерди жана мелдештерди
биргелешип уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.
Элчи Түштүк Корея тарапка кыш мезгилинде Кыргызстан тарабынан
уюштурулган лыжа фестивалдарына активдүү катышууну, ошондой эле
Кыргыз Республикасында лыжа инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн
кореялык инвесторлорду тартууга көмөктөшүүнү сунуш кылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK