Ёнсе университети саламаттыкты сактоо жаатында Кыргызстан менен кызматташууга ниеттенүүдө

4436

2021-жылдын 11-майында Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Ёнсе университетиндеги Северанс ооруканасына иш сапары менен барып, анда Ёнсе университетинин саламаттык сактоо жаатындагы Президенти доктор Юн Донг Суп, Сеулдун клиникалык лабораториясынын Төрагасы доктор Ли Кён Рюл жана академиялык жана эл аралык иштер борборунун Директору профессор Ан Шин Ги менен жолугушууну өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн коронавирусуна байланыштуу кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты, ошондой эле саламаттыкты сактоо жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. 

Элчи Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Өкмөтүнүн клиникалык ооруканасы менен өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу аркылуу байланыш түзүүнү сунуштады. Ошондой эле Элчи Кыргызстандын аймагындагы саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорго инвестиция салууну сунуштады, анын ичинде курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун долбооруна. Ысык-Көл облусундагы биргелешкен диагностикалык борборлордун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.

Тараптар биргелешкен операциялар, медициналык персонал менен алмашуу жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу зарылдыгын белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK