Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жалпы жамаатынын атынан Сиздерди ыйык Рамазан айынын аякташы жана мусулмандардын Орозо Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайбыз!

4412

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жалпы жамаатынын жана жеке ɵзʏмдʏн атымдан Сиздерди ыйык Рамазан айынын аякташы жана мусулмандардын Орозо Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Мээримдүүлүкө, кайрымдуулукка, тазаланууга жана кечиримдүүлүкө чакырган, ѳзүнѳ бийик баалуулуктарды камтыган Орозо Айт ар бир үйгѳ береке жана кут алып келсин.

Ушул ыйык айда жасаган бардык жакшылыктарыбыз кабыл болуп, баардык каалоо-тилектерибиз орундатылсын.

Учурдан пайдаланып, баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөөлүк бакыт жана таалай каалайбыз, элибизде ынтымак, ал эми мамлекетибизде ар дайым тынчтык болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Корея Республикасындагы

Атайын жана Ыйгарым

Укуктуу Элчиси

Динара Кемелова

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK