2021-жылдын 20-22 майына чейин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кёнсанг-Нам провинциясынын Чангвон шаарында жыл сайын өтүүчү туристтик фестивалга катышып жатат.

3690

2021-жылдын 20-22 майына чейин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кёнсанг-Нам провинциясынын Чангвон шаарында жыл сайын өтүүчү туристтик фестивалга катышып жатат.

Фестивальда элчилик туристтик мүмкүнчүлүктөрдү, экспорттук потенциалды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык таза продукцияларын (Ат-Башин балы жана кыргыз шоколады) тааныштырып жатат.

Элчилик кыргыз диаспорасы менен биргеликте Фестивалдын көркүнө айланган улуттук боз үйдү орнотту.

Ошондой эле, элчилик тарабынан Кыргызстандагы туризм жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп, туризм жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө буклеттер таратылууда. Фестивалга келген коноктор Боз үйдүн салттуу үйүндө болуп, кыргыз элинин каада-салты, көчмөн маданияты жана турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Коранавирустун жайылышын алдын алуу максатында фестивалдын уюштуруучулары жана катышуучулары бардык коопсуздук эрежелерин так сактап жатышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK