Урматтуу жарандар! Корея Республикасынан чыгып кетүү эрежелериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдайбыз.
Корея Республикасынан кетип жаткан жана кайтып келүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандар кетүүгө чейин кайра кирүүгө уруксат алышы керек.
Кайра кирүүгө уруксатты учуп кетүүдөн кеминде 4 күн мурун www.hikorea.go.kr сайты аркылуу алсаңыз болот.
Кайра кирүү үчүн арыз кечигип берилгенде же Кореядан кайра кирүүгө уруксаты жок кеткен учурда, Сиздин виза (Корея ID картасы) жокко чыгарылат, ошондуктан сиз кайрадан Кореянын визасын алышыңыз керек болот.