Сеул шаарында Борбор Азия - Корея Республикасы кызматташтык форумунун Катчылыгынын Аткаруу комитетинин 9-жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова катышты

3991

Ушул жылдын 30-июнунда Сеул шаарында Борбор Азия - Корея Республикасы кызматташтык форумунун Катчылыгынын Аткаруу комитетинин 9-жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова катышты.

Форумдун алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Түштүк Кореянын транспорт жана логистика, инновациялык индустрия, энергетика, айыл чарбасы, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө кызматташтыгы илгерилетилет.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Форумдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, атап айтканда, кыргыз тарап келечекте жашыл экономика (анын ичинде жашыл энергетика), аймактарды өнүктүрүү, темир жол жана авиация инфраструктурасы, акылдуу фермалар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары ушул жылы министрлердин деңгээлинде өтө турчу 14-чү Кызматташтык форуму боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK