Кыргызстандын элчиси Түштүк Кореянын компаниялары менен кыргыз продукциясын Кореяга жеткирүү жаатында кызматташуунун келечегин талкуулады

4965

2021-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчиси Динара Кемелова «GS Group» компаниясынын кеңсесинде болуп, «GS Retail» компаниясынын президенти Чо Юн Санг мырза жана «BS-Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хе Рин айым менен жолугушту.

Түштүк Кореянын ишкерлери менен сүйлөшүү учурунда Кыргызстандын элчиси Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык потенциалы жөнүндө, NAG Group тарабынан кыргыз балы жана таттуулары импортолуп жатканын айтып, Түштүк Кореяга экологиялык жактан таза продукция жеткирүү жана GS дүкөндөр тармагы аркылуу сатуу боюнча кызматташууну сунуш кылды.

Маектешүучүлөр эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика жана соода жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. GS Retail компаниясынын президенти продукцияны кайра иштетүү жана таңгактоо боюнча потенциалды көтөрүүдө, ошондой эле ушул багыттар боюнча адистерди даярдоодо Кыргызстанга көмөктөшүүгө ниетин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK