2019-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) жетекчиси Мёнг Жин Шин менен жолугушту. 

6141

2019-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) жетекчиси Мёнг Жин Шин менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелер талкууланды. Атап айтканда, Элчи Д.Кемелова Корея менен соода жүргүзүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн кыргыз тарабынын ниети чоң экенин билдирди. Элчинин айтымында, кыргыз экологиялык таза айыл чарба продукциясын Түштүк Кореяга экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча корей технологияласын жана инветициялык салымдарды тартууга кызыкдар экендигин билдирди. Мындан тышкары, кыргыз жергесинде өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын ВСП+ преференциясына ылайык, Европа өлкөлөрүнө жана ЕЭБ өлкөлөрүнө экспорттоодо кыргыз-корея компаниялары менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө чакырды.

KOIMAнын жетекчиси Мёнг Жин Шин өз кезегинде Кореяга чет элдик товарларды жана азык-түлүктү импорттоо иштерине багытталганын, ага байланыштуу чет өлкөлүк компаниялар менен тынымсыз кызматташып жана потенциалдуу корея компаниялары менен байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн  билдирди. 

Тараптар ошондой эле, бул жылы кореялык компаниялардын көп сандаган катышуусу менен Кыргызстанда бизнес-форумду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Сеул шаарында 27-29 июнда «Import Goods Fair» аттуу эл аралык көргөзмөгө Кыргыз компанияларынын катышуусун талкуулашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK