Бүгүн, 2019-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова Эл аралык подряддык уюмдардын (ICAK) бирикмесинин төрагасы Ли Кунг-Ки мырза менен жолугушту.

3829

Бүгүн, 2019-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова Эл аралык подряддык уюмдардын (ICAK) бирикмесинин төрагасы Ли Кунг-Ки мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кореядагы компанияларды жана ишкерлерди Кыргызстанга тартууга жакынкы келечекте биргелешкен пландарын талкуулашты. Атап айтканда, апрел айында пландаштырылып жаткан бир нече мааракелер тууралуу, мисалы Сеул шаарында өтө турган «Кыргызстан-Корея» инвестициялык форуму жана Кыргызстандагы инвестициялык проектер менен таашынуу максатында бара турган Корей компанияларынын Кыргызстанга боло турган иш сапары жөнүндө.

Динара Кемелова Кыргызстандагы бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымдап, корей технологияларын жана капиталдык салымдарды тартып өлкөнүн жана өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу боюнча “ICAK” төрагасынын көңүлүн бурду.

«ICAK» ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки мырза өзүнүн жообунда Кыргызстанга зор кызыгуусу бар экенин белгилеп, биздин өлкөгө компанияларды тартууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле Бишкекте жана Сеулда диалог аянтчаларын уюштуруу менен кыргыз жана корей компанияларынын ортосундагы кызматташууну түзүү идеясын колдоду. Ушуну менен бирге кыргыз жана корей компанияларынын катышуусу менен бизнес-чараларды уюштурууга көмөктөшөөрү тууралуу ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу боюнча эки тараптуу жумуш консультацияларын баштоо боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK