Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын чегинен үч айдан ашык мөөнөткө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары ошол бара жаткан мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде катталышы зарыл экендигин эскертет (Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Мыйзамы, 2012-жылдын 17-марты, №19).

7178

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын чегинен үч айдан ашык мөөнөткө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары ошол бара жаткан мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде катталышы зарыл экендигин эскертет (Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Мыйзамы, 2012-жылдын 17-марты, №19). Консулдук каттоо Кыргызстанга барбастан бир топ маселелерди чечүүгө жол түзөт (алдыдагы шайлоолор жана референдумдар тууралуу маалымат алуу, паспортторду тариздөө, жарандык абалдын актыларды каттоо жана башка консулдук тейлөө), жана ошондой эле жашап жаткан өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана кырсыктар учурларында Кыргызстанга кайтууга өбөлгө болот.  

Консулдук каттоо, мамлекетибиздин чет өлкөлөрдө убактылуу же туруктуу негизде турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракетинин маанилүү багыты катары ишке ашырылууда. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK