2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Кванджу шаарында “Манас” эпосуна арналган көргөзмөгө катышты.

3629

2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Кванджу шаарында “Манас” эпосуна арналган көргөзмөгө катышты. Көргөзмө Корея Республикасынын маданият, спорт жана туризм Министирлиги, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министирлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп канасы жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулган. Көргөзмөдө кум менен сүрөт тартуу, эпостун тарыхындагы сүрөттөр жана кыргыз элинин маданий салттары, кол өнөрчүлүк жөнүндө эпикалык окуялар жана көркөм тасмалар менен чагылдырылган сүрөттөрү санариптештирилип “Манас” китептери корей тилинде көргөзүлдү. Мындан тышкары, мини-боз үйлөрдү чогултуу, кагазга эпостогу сүрөттөрдү тарттуу боюнча мастер-класс уюштурулду. Көргөзмөгө катышуу учурунда Элчи Д.Кемелова Азия маданият борборунун Президенти Ли Жин-сиг мырза менен жолугушуп кийинки пландаштырылып жаткан маданий жана гуманитардык тармагында кызматташуу менен бирге Кыргыз Республикасындагы турзимди Кореяда жайылтуу боюнча суроолорду талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн жана Кыргыз киносунун күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашып аны менен бирге Кванджу шаарында алдыда өтө турган жармаке жана көргөзмөлөргө Кыргызстандын катышаары жөнүндө дагы макулдашышты. Андан сырткары, азия маданият Борборунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары кол чыгармачылык боюнча мастер-класс үйрөнүүгө тажрыйба алса болот. Андан кийин Кванджу шаарынын Вице-мэри Ли Биоң-нун мырза менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда, региондор аралык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Атап айтканда, Элчи Д.Кемелова тарабынан Ош шаары менен бир туугандык мамиле түзүү демилгеси сунуштады. Буну менен бирге Кыргыз Республикасында өндүрүлүп чыгарылган өндүрүмдөрдү Кореяга экспорт кылуу тууралуу суроолор талкууланды. Элчи Д.Кемелова андан сырткары дагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөзүп, Кореяда өтө турган жармаке жана көргөзмөлөрдүн алкагында ар түрдүү мааракелерди чоогу өткөзүү жөнүндөгү маселелерди талкуулашты. Ошону менен бирге “Шериктешкен Көз каранды эмес Мамлекеттерден чыккан этникалык корейлердин эмгек ресурстарын өңүктүрүү” компаясынын Директору Чоң Доң Су мырза менен жолугушуп аны менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштуруу маселелери жөнүндө талкуулашты. Мүмкүнчүлүк менен пайдаланып, Кореянын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Элчилик “Манас” көргөзмөсүнө барууга чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK