2019-жылдын 8-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамоталарын тапшырды. Протоколдук тапшыруу аземинен кийин «Чоң Ва Де» хансарайында кыргыз-корей кызматташтыгы жөнүндө элчи менен президент эки тараптуу кызматташуунун ңегизги маселелерин талкуулашты.

4791

2019-жылдын 8-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамоталарын тапшырды. Протоколдук тапшыруу аземинен кийин «Чоң Ва Де» хансарайында кыргыз-корей кызматташтыгы жөнүндө элчи менен президент эки тараптуу кызматташуунун ңегизги маселелерин талкуулашты.
Президент Мун Чжэ Ин Д.Кемелованы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси болуп дайындалуусу менен куттуктап, Корея Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин айтып, эки мамлекеттин эли келбети боюнча дагы бири-бирине окшоштугун белгилеп кетти. 
Элчи Динара Кемелова Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын ортосундагы тарыхый достук мамилелеринин калыптанып өсүп бараткандыгы жөнүндө баса белгилеп кетти. Д. Кемелова өзүнүн сөзүндө «Кыргызстан- Корея Республикасы менен болгон кызматташтыкты жогору баалап, Азия регионунда өтө маанилүү жана приоритеттүү партнёру катары көрөт»-деп айтып кетти. Элчи Корея тарабына Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр жана демократиялык коомду курууга көмөк көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирип кетти. 
Корея Республикасынын Президенти Кыргызстандагы Корея мамлекети аркылуу көрсөтүлгөн демократиялык өзгөрүүлөргө канааттандырарлуулугун билдирди. 
Кыргызстан тарабынан келечекте Корея Республикасы менен соода-экономикалык катнашты өстүрүүгө, өзгөчө Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын Кореяга эскпорттоосун көбөйтүүсүнө кызыктар экендигин баса белгилеп. Ошондой эле, элчи Д. Кемелова корея тарабына аймактарды өңүктүрүү жана санариптештирүү долбоорлоруна катышууга, аны менен бирге кыргыз адистеринин Корея Республикасында билим алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлүшүнө активдүү катышып берүүсүн сунуштады. 
Эки тарап жылдан жылга Корея Республикасынын туристтери Кыргызстанга баруусу өсүп жаткандыгын белгилеп кетишти. Президент Мун Чжэ Ин «Кыргызстан-өзүнүн кооз табияты, бийик тоолору менен таанылып, так ушул көрүнүштөр Түштүк Кореялык туристтеринин санынын көбөйүүсүнүн ңегизги багыты болуп эсептелет. Албетте, мунун баары эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба каттам маршрутунун ачылышына чоң түрткү болот»-деп Президент Мун Чжэ Ин ишендирип кетти. 
Маектин аягында президент Мун Чжэ Ин элчи Д.Кемеловага Корея Республикасында элчилик кызматындагы ишине ийгиликтерди каалап кетти. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK