Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчисинин куттуктоосу, балдар тарабынан Кыргыз Республикасынын гимнин мыкты аткаруу боюнча сынакты уюштуруу жана жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу боюнча.

4295

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30-жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер!

Узак кылымдар тарыхы жана өзгөчө бай маданияты бар Кыргызстандын эли өзүнүн улуттук иденттүүлүгү жана мамлекеттүүлүгү үчүн күрөштө көптөгөн сыноолордон өткөн.

Биз эркиндикти, көз карандысыздыкты жана мамлекеттүүлүктү гана эмес, Кыргызстан элинин патриоттуулук рухуна толгон өнүккөн, гүлдөгөн өлкөнү сактап, жаш муундарыбызга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз.

Бул маанилүү майрамга карата биз Түштүк Кореяда жашаган 3 жаштан 14 жашка чейинки балдар арасында кыргыз гимнин кыргыз тилинде мыкты аткаруу боюнча сынагын өткөрдүк. Калыстар тобунун чечими менен сынактын төмөнкү жеңүүчүлөрү аныкталды:

1-орун - Дё Данил, 2-орун - Пак Нури жана Ви Дамби, 3-орун - Карыбаев Сумин. Андан башка кичи сыйлыктар Пак Мина, Адылбекова Сезим жана Ли Саяга да тапшырылды.

Бул конкурс Кыргыз Республикасынын Сеулдагы ардактуу консулу Ким Джонг Гу жана Кыргыз Республикасынын Кёнгидо провинциясындагы ардактуу консулуна кандидат Ким Хосонг мырзалардын демөөрчүлүгүнүн жардамы менен болду.

Учурдан пайдаланып, баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чоң жетишкендиктерди каалайм!

Өлкөбүз дагы да гүлдөп өссүн, дайыма тынчтык жана стабилдүүлүк орносун!

Дагы бир жолу, барыңарды майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын Туштук Кореядагы элчиси Кемелова Динара.

Балдардын аткаруусундагы Кыргыз Республикасынын Гимнинин видеосун көрүү үчүн басыңыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK