Түштүк Кореянын Химчан клиникасы Кыргызстан менен кызматташууга саламаттык сактоо ниеттенүүдө

3473

2021 -жылдын 8 -сентябрында элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасында директору Стефан Чо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн коронавируска байланышкан кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Элчи Динара Кемелова Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорго, анын ичинде диагностикалык борборлорду, муун ооруларынын клиникаларын жана реабилитациялык борборлорду и нвестициялоону сунуштады.

Ошондой эле, корей тарапты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология борборунун жана Химчан клиникасы ортосундагы ниет протоколун тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология борбору менен кызматташтыкты түзүүгө чакырды. 

Тараптар ооруканаларды куруу жана медициналык кадрларды даярдоодо боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.

Маалымат үчүн: Химчан клиникасы-Корея Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аккредитацияланган клиникасы, өлкө ичинде 8 филиалы жана чет өлкөлөрдө 3 ооруканасы (Южно-Сахалинск (Россия), Шарджа (БАЭ), Бухара (Өзбекстан)). Химчан клиникасы сапаттуу жана коопсуз хирургиялык дарылоодо, тактап айтканда, артропластика, ошондой эле орус тилинде кызмат көрсөтүү боюнча 1-орунда турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK