2021-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Корея Фондунун (Korea Foundation) жаңы дайындалган Аткаруучу вице-президенти Ли Чонг Гук мырза менен жолугушту.

3842

Жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылда Борбор Азия - Корея Республикасы Форумунун алкагында боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Динара Кемелова Катчылыктын Борбордук Азия - Корея Республикасы форумунун аткаруучу органы катары маанилүү ордун белгилеп, Кыргызстанда экономика, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлордун мындан ары ишке ашырылышына үмүтүн билдирди. Тактап айтканда, Кореяда билим алууну каалаган кыргыз студенттери үчүн квота жана стипендиялардын санын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде Ли Чонг Гук мырза Форумдун алкагында мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди. Мындан тышкары, Ли Чонг Гук өзүнүн артыкчылыктуу максаттарынын бири коомдук дипломатия тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүсү болорун маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK