Урматту мекендештер! “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”

3375

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жана биометрикалык маалыматтарын берген жарандар тийиштүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтындагы же “Тизме” мамлекеттик порталындагы шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн текшерип алышы керек.

Сеул шаарындагы № 9042 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине кирбей калган учурда жаран Элчиликке келип, өздүгүн тастыктаган документтерин – жалпы жарандык (чет элдик) паспортун же КР жаранынын паспортун (ички паспорт - ID-карта) көрсөтүп, инсандыгын идентификациялоодон өтүүсү керек. Мындан соң жаранды Сеул шаарындагы № 9042 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизүү үчүн маалымат БШКга жөнөтүлөт.

Арыздарды участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо белгиленген күнгө чейин 15 күн калган убакытка чейин тапшырууга болот (15 ноябрга чейин)

Мыйзамга ылайык, чет өлкөдө шайлоо пропорционалдык система (партиялар үчүн) менен жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK