Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кореянын импортерлор ассоциациясынын (КОИМА) президенти Бён Кван Ким менен жолугушту

2118

2022-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кореянын импортерлор ассоциациясынын (КОИМА) президенти Бён Кван Ким менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, Элчи А.Исмаилова кыргыз тараптын Түштүк Корея менен сооданы көбөйтүү ниетин билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан Түштүк Кореяга ата мекендик продукцияны жеткирүү аркылуу экспортту кеңейтүүгө кызыкдар.

Өз кезегинде Ассоциациянын президенти Бён Кван Ким КОИМА өз ишмердүүлүгүндө Кореяга чет элдик товарларды жана продукцияларды импорттоого басым жасап жатканын, ага байланыштуу чет элдик компаниялар менен тыгыз кызматташып, Кореянын потенциалдуу ишканалары менен байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-жылдын 23-июнунан 25-июнуна өтө турган “Import Goods Fair” эл аралык көргөзмөсүнө кыргызстандык ишканалардын катышуусу боюнча макулдашууга жетишилди. Сеулда Кыргызстандын уникалдуу улуттук буюмдарын Түштүк Кореянын рыногуна жылдыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле КОИМАда Кыргыз Республикасынын Элчи А.Исмаилова, Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон түштүк кореялык компаниялардын жетекчилеринин (Ассоциациянын мүчөлөрү) жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы соода тармагында кызматташууну түзүү боюнча пикир алышты. Мындан тышкары “Import Goods Fair” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында бизнес-форум өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK